아래는 노래 가사입니다. Саясат , 아티스트 - Begish 번역 포함
번역이 포함된 원본 텍스트
Begish
Кара оюң сени каптап алган
Айткан сөзүн жалган
Канча адам добуш берип
Сага өз үмүтүн салган
Кээбирлерин сатып алдың
Тактыга отуруп калдың
Аяп койчу ымыркайды
Аябасаң дагы чалды
Мен сени жаман көрүп
Өз курсагымды ойлобойм
Урмат үчүн, хайп үчүн эмес
Мен оюнуң ойнобойм
Болгону элдин пикирин
Айтам салып обонго
Кичинекей Кыргызстандын
Келечегин тонобо
Башың менен Кара жерге кир
Каргышы тийсин элдердин
Арамга тойгон курсагын
Жеп жатып жаттын эмгегин
Өзүңдөн чыккан токуңду
Өзүңө саттын кымбаттан
Чет жактан келген сомуңду
Чөнтөккө каттын бир паста
Ызы чуу болгон чек араң
Кысылып турат эл араң
Жардамын берген тешиктен
Желбиреп өтөт жел араң
Көрүнбөгөн илдет жоо менен
Доктурлар араң күрөштү
Бийлики бар адамдарын
Кыйратып экрандан сүйлөштү
Жол салсаң да жейсин
Үй салсаң да жейсин
Көп салсаң да жейсин
Аз салсаң да жейсин
Жер сатсаң да жейсин
Газ сатсаң да жейсин
Алтындарым дейсиң
Алтындарым дейсиң
Бет кабыл жок дарыгерлер
Ооруу жугузуп жүдөштү
Айлыктары 500 жүз сомго
Көбөйүптүр деп түнөштү
Чет жакта калды жарандар
Мекенин жапты эшигин
Вокзалда жатты араңдап
Кирерге таппай тешигин
Сен менен анын ою жок
Чөп жеген анын кою ток
Боорукер эмес акылы
Жаш бала анын ою шок
Видеого тартып тараткан
Активисттердей жоксунбу
Урсунчу сени жараткан
Арамдарды жеп токсунбу
Жол салсаң да жейсин
Үй салсаң да жейсин
Көп салсаң да жейсин
Аз салсаң да жейсин
Жер сатсаң да жейсин
Гас сатсаң да жейсин
Алтындарым дейсиң
Алтындарым дейсиң
Араңарда барбы?
Азаматтар алгыр
Уурдалганды алып
Казынага салгыр
Качан тиет күнүң
Же жай береби жамгыр
Кууруп бүттү кыргыз
Татаал экен тагдыр
다양한 언어로 된 노래
모든 언어로 고품질 번역
몇 초 만에 원하는 텍스트를 찾으세요